Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:33

19:05 Кыргызстандын түштүгүндөгү массалык маалымат каражаттар этникалык теманы чагылдырууга кызыкдар эмес


БАТКЕН. Жалалабат, Ош жана Баткен областтарынын журналисттери менен этникалдык топтордун өкүлдөрү катышкан жыйында негизинен этникалык прогматикалык темасынын жергиликтүү массалык маалымат каражаттар дагы орду талкууга алынды. Жыйынды уюштурган «Түштүк вектар социалдык маалыматтар жана божомолдоолор» борборунун кызматкери Светлана Гафарованын «Азаттыкка» берген маалыматында буга чейин этникалык теманы массалык маалымат каражаттарда позициялаштыруу жана журналисттерди этникалык сабырдуулукту жана этиканы колдонууга үйрөткөн программа жүрө электигин билдирди. Ошондой эле талкуунун аягында түштүк журналисттери Москва калаасынан келген орус илимдер академиясынын этнология жана антропология институтунун доктору Вера Мальковадан этникалык толиранттуулукту жайылтууда массалык маалымат каражаттарынын ролу темасындагы мастер класс алышты.(SA)

XS
SM
MD
LG