Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

БИШКЕК БИЙЛИГИ АКЧА ТАППАЙ, АКАЕВДИН САРАЙЫН САТКАНЫ ЖАТАТ


Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкекте өтүүчү саммитине карата шаардын даярдыктарына каражат жетпей, Аскар Акаев курдуруп бүтпөй калган мейманкана комплексин аукциондо сатмак болушту. Бул тууралуу маселе шаардык кенештин кезексиз сессиясында талкууланды. Мейманкананын баасы 400 млн. сомго чыгууда.

Шаар бийлиги экс-президент Аскар Акаев учурунда Токтоналиев көчөсүндө куруп баштап, бирок бүтпөй камакта калган мейманкана комплексин аукционго коюп сатып, андан түшкөн каражатты ШКУнун саммитине даярдыкка жумшоого аргасыз болууда. Бул тууралуу шаар мэри Арстанбек Ногоев билдирди. Анын пикиринде Каржы министрлигинен алган карыздарды шаар жетекчилери өз убагында төлөбөгөндүктөн каражат маселеси чечилбей турат.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Билал Чыныбаевдин пикиринде ШКУнун саммитин өткөрүү үчүн шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүүгө 300 млн. сом каражат табылбай, аргасыздан учурда 400 млн. сомго бааланган мейманкана комплекси сатылганы турат.

Бул пикирди Бишкек шаардык кенештин депутаты Зоотбек Кыдыралиевдин айтымында, Шанхай уюмунун саммитин өткөрүү үчүн өкмөт атайын бюжеттен каражат бөлүүсү зарыл. Себеби шаар жетекчилиги Kаржы министрлигине миллиондогон сом карыз.

Ал эми өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Асанбек Осмоналиевдин айтымында, «Манас» аба майданындагы терминалды реконструкциялоо, Манас-Бишкек автожолун калыбына келтирүү, Бишкекти саммитке даярдоо, Улуттук филармонияны оңдоп түзөө, меймандар үчүн маданий программаларды даярдоо, журналисттер үчүн маалымат-борборун уюштуруу, саммитти өткөрүү үчүн зал, резиденцияда үч мейман үйүн куруу, эл аралык жыйынга келген меймандардын коопсуздугун камсыз кылуу иш-чаралары көрүлүп жатат.

Кытайдын өкмөтү ШКУнун саммитин ийгиликтүү өткөрүп, Бишкек шаарынын тазалыгын камсыз кылуу үчүн баасы 1млн.300 миң АКШ долларына барабар таштандыларды тазалоочу техникалык жабдууларды грант катары бермек болду.

- Шанхай Кызматташтык Уюмунда Бишкек декларациясы кабыл алынат. Жыйынга бир ай мөөнөт калганда биз ошол саммиттин мазмун жагын карай баштайбыз.Себеби июлдун башында тышкы иштер министрлеринин Бишкекте жолугушуусу болмокчу. Ошондо мазмундун ичине кайсы маселелер кирет, аны тыкат карап чыкты,-деди Асанбек Осмоналиев.

Айрым саясатчылар ШКУнун саммитинде кыргыз бийлиги мейман тосуу, шаан-шөкөт менен чектелбей, жыйында каралуучу саясий орчундуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушу керектигин айтышууда. Ошондой эле ШКУнун саммитине Бишкек шаарынын көчөлөрүн көрктөндүрүү иши алымсындырбайт дешет айрым депутаттар.

Парламент депутаты Садыр Жапаровдун көз карашында, ШКУнун саммитине Бишкектин даярдыгы начар.

- ШКУ менен биздин мурдатан келаткан маселелерибиз алигиче чечилбей келе жатат. Экономикалык саясат жагынан, бажы, салык, визасыз соода кылуу жагынан маселелер чечилеби, же чечилбейби? Жыл сайын ШКУнун жыйынына бир нече жолу чогулушат. Бир катар документтерге кол коюшат. Андан кийин ошол боюнча кагаз жүзүндө калып, ишке ашпай жатат. Жалаң чиновниктерди тосуп алуу меймандоо менен гана келатабыз. Мыкты иштеп атабыз деген түр көрсөтүп жатабыз. Ал эми шаарды көрктөндүрүү иши алымсындырбайт.

ШКУ 2001-жылы Кытай Эл республикасынын Шанхай шаарында коңшулаш алты мамлекеттин өкмөттөрүнүн келишиминин негизинде түзүлгөн. Шанхай Кызматташтык Уюмуна Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Россия Тажикистан, Өзбекстан мамлекеттери мүчө. Ал эми байкоочу мамлекеттердин катарына Индия, Иран, Пакистан, Монголия өлкөлөрү кирет. Уюмдун негизги максаты өз ара байланышты бекемдөө, чөлкөмдөгү коопсуздукту сактоо болуп саналат.

ШКУга кирген мамлекеттердин башчыларынын бийик денгээлдеги жолугушуусу быйыл август айында Бишкек шаарында өтөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG