Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:17

11:25 “Салттуу музыкалык аспаптар-жаш таланттар үчүн” долбоорунун көргөзмөсү өтөт


Көргөзмө 19-июнда Бишкекте ачылат. Долбоордун алкагында 150 автордук аспаптар өлкөнүн беш облусундагы тогуз балдардын музыкалык мектебинин окуучуларына тапшырылат. Алардын ичинде комуз, кыл кыяк, чоо, чопо чоор, темир комуз, жыгач ооз комуз, керней, тай туяк, сыбызгы сыяктуу аспаптар бар. Мындан сырткары өлкөнүн бардык аймагынан келген 16 чебердин буюм-тайымдарынын көргөзмөсү уюштурулуп, концерт коюлат. Ага Нурак Абдырахманов, Факирдин Баяков, Зайнидин Иманалиев, Самара Токтахунова өңдүү өнөр адамдарынын, “Тенгир-Тоо” фольклордук тобунун катышуусу күтүлүүдө. (ZMa)

XS
SM
MD
LG