Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:20

Казак президенти өлкө Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду


Парламенттин кош палатасы өткөн жума күнү жактырган мыйзам бүгүн расмий басма сөздө жарыяланды. Конституцияга киргизилген соңку өзгөртүүлөргө ылайык Нурсултан Назарбаев президенттикке өмүр бою шайлана алат. Конституциянын жаңы долбоорунда президенттин кызмат мөөнөтү 7 жылдан беш жылга түшүрүлдү. Бирок бир адам эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт деген жобо биринчи президент катары Назарбаев үчүн колдонулбай турган болду. Курагы алтымыш алтыга келген Назарбаевдин бийликтеги азыркы мөөнөтү 2012-жылы аяктайт.

XS
SM
MD
LG