Европа Биримдиги кечээ күнү билдиргенге караганда, 18-май күнү Орусиянын Самара шаарында өтө турган "Европа-Орусия" саммитинде эки тарап ортосундагы жаңы стратегиялык кызматташуу боюнча келишимге кол коюлбайт. Польшада өндүрүлгөн этти Орусияга экспорттоого мурда салынган тыюуну Маскөө алып салган жок жана Польша андай келишимге вето сала турганын билдирди. Ошондуктан, дейт Биримдиктин өкүлдөрү, андай келишимдин түзүлүшүнө Орусия өзү кызыкпай жатат. Самарадагы жыйын тууралуу сын-пикир айткан журналисттерди орус бийлиги куугунтуктап жатканын дагы Биримдик кечээ күнү сынга алды.