Парламентарийлер аны менен бирге Тышкы иштер министри Ранжин Дадфар Спантаны дагы Ирандан миңден ашуун ооган качкындарынын чыгарылышы тууралуу иш боюнча жоопко тартууну талап кылышты. Мыйзам чыгаруучулар бул маселени 12-майдагы кезектеги отурумда карамай болду. Ооганстандын баш мыйзамына ылайык, Парламент министрлерге ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө укугу бар.