Бул тууралуу фирманын кеңсесинен кабарлашты. Маалыматка караганда, автомат менен куралданган адамдар күч структуралынын өкүлү болуп чыгып, алар компаниянын финансылык документтерин текшерүүгө алышты. Учурда окуя болгон жерге Жогорку Кеңештин депутаттары Темир Сариев, Замир Эсенаманов, Кабай Карабеков, Осмон Артыкбаев келди. “Неман фарм” компаниясы Осмон Артыкбаевге тиешеси бар экендиги маалым. (AiT)