Кечээ өткөн шайлоолордун биринчи айлампасында мурдагы ички иштер министри Николя Саркози үчүн франциялыктардын 30 пайызы, социалист Сеголен Руаяль айым үчүн 26 пайызы өз добушун беришти. Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 6-май күнгө белгиленди.