Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Иран уранды өнөр жайлык деңгээлде байыта баштайт


Кечээ Иран президенти Махмуд Ахмадинежад өлкө урандын чакан көлөмдөрүн ийгиликтүү иштетип, эми аны өнөр жайлык деңгээлде байытууну колго алат деп билдирди. Ахмадинежаддын айтымында, Иран үчүн дүйнөдөгү бир да өлкө атомдук программаны өнүктүрүүгө тоскоол боло албайт. Президенттин билдирүүсү дүйнөлүк коомчулук тарабынан терс кабыл алынды. АКШ жана Британия аны сынга алды. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Тегеранды Коопсуздук кеңеш койгон талаптарды аткарып, уранды байытуу боюнча бардык иштерди токтотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG