ВАШИНГТОН. Кошмо Штаттары Түндүк Кореяга таандык 25 миллион доллар акчаны Пхеньянга кайтарып берет. АКШнын каржы министрлигинин ырасмий өкүлү Даниел Глэйзер билдиргенине караганда Макао банкында сакталып турган акча гуманитардык максаттарга керектелмекчи. Бул жарыя Бээжинде Түндүк Кореянын ядролук программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы башталганда жасалды. Банк талашы сүйлөшүүлөргө залакасын тийгизет деген кооптонуулар көп айтылып келген эле.(AA)