Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

ОППОЗИЦИЯ ФЕЛИКС КУЛОВДУ КАБЫЛ АЛУУГА АШЫККАН ЖОК


Экс-премьер-министр Феликс Кулов «Реформа үчүн!» кыймылынын колдоосуна ээ болобу-жокпу? Бул маселе азырынча туюк бойдон турат. Анткен менен экс-премьер-министрдин расмий бийликке оппозицияга чыгышын саясатчылар менен коомдук ишмерлер ар кыл өңүттө талдап жатышат. Алардын ичинде «Реформа үчүн!» кыймылынын мүчөлөрүнүн көз караштары да бирдей чыккан жери жок.

Мурдагы саясий өнөктөштөрүнүн кыйласы Феликс Куловдун оппозицияга бийликтен четтегенден кийин келишине нааразы. Айрыкча, ноябрь митингисинде мурдагы өнөктөштөрүнө жан тартпай коюшу, дискет-гейт чатагынын башында турушу өңдүү учурлар Куловдун билдирүүсүн дароо кубаттоого жол бербей турган шекилдүү. Ошондуктан, оппозициячыл лидерлер «темир Феликстин» президент Бакиев жетектеген азыркы бийликке оппозицияга чыгышы боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алууга ашыккан жери жок. Экс-прокурор, «Реформа үчүн!» кыймылына мүчө, «Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаров Куловдун түпкү максаты али белгисиз, болгону каалоосун билдирди дейт:

- Каалоосун колдойм. Эми аны иш жүзүндө көрсөтүш керек. Ал үчүн түпкү максаты эмне, так, айкын көрсөтүшү керек. Аны айткан жок. Кызматтан кеткен киши мен оппозицияга кеттим деп айта берет. Он күн мурда эле бул жерде (парламентте – авт.) эмне болду? Биз, оппозициянын өкүлдөрү, айтпадыкпы, кетип кал, өтпөйсүң, өз жолуңду тап деп. Жок деп аягына чейин тырышып отурбадыбы.

Президенттин карамагындагы адам укугун коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун Куловду сынга алып, ал элдин ишенимин актай алган жок деди:

- Эгер оппозицияда принцип болсо, Куловду лидер кылып шайлабайт. Эгер оппозиция Кулов болобу, башкасы болобу Бакиевге каршы келгенди эле колдой берсе акыры зыяны оппозиция лидеринин өзүнө тиет. Оппозиция дагы ким, кандай, эмне ката кетирди? Принципиалдуу караш керек. Сен оппозицияны күнөөлөгөнсүң, оппозицияга каршы иш кылгансың деп Куловду ордуна отургузуш керек эле. Мисалы, мен ойлойм, Атамбаев ошондой позицияда. Кечээ келген жок деп уктум, мисалы, маалымат жыйынына.

Чындыгында эле кезинде «Социалисттик Ата Мекен», «Арнамыс» партиясы менен бирге Элдик Конгресс түзгөн Феликс Куловдун саясий өнөктөшү, Социал-демократтар саясий партиясынын лидери Алмаз Атамбаев башка тилектештери сыяктуу Кулов уюштурган маалымат жыйынына барып, байкоо жүргүзгөн жок. Кийинчерээк «Азаттыкка» Атамбаев Куловго ишенбестигин билдирди:

- Адам деген сөзүн иши менен далилдеп бериши керек. Кээде жоро-жолдоштор дагы эмне болуп атасың деп айтып атышат. Мен ушундай жаралган адаммын, ойлогон оюмду ачык айтам деп атам.

Атамбаевден айырмаланып, «Реформа үчүн!» кыймылынын мүчөсү Кабай Карабеков Куловдун бийликке оппозицияга чыгышын кубаттады:

- Албетте, бизге азыркы саясат, экономикалык кырдаал Кыргызстан күткөнгө дал келбейт деп негиздеген бардык акылдуу күчтөрдүн, саясий агымдардын биригүүсү керек.

Феликс Куловду кубаттагандардын катарына оппозициянын Өмүрбек Текебаев, Мелис Эшимканов, Болот Шерниязов, Кабай Карабеков өңдүү лидерлерин кошууга болот. Ушундай жагдайда «Реформа үчүн!» кыймылы «Арнамыс» партиясынын лидерине байланыштуу кандай бүтүм чыгарары бүдөмүк бойдон турат. Феликс Кулов кечээ чачыраган күчтөрдү бириктирүүгө даяр экенин билдирген болчу.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG