Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

КАРЫБЕК БАЙБОСУН: КЫРГЫЗСТАНДЫ ЫДЫРАТКЫСЫ КЕЛГЕН СЫРТКЫ КҮЧТӨР БАР


Өлкөдө саясий талаптар менен митинг, демонстрацияларды, жүрүштөрдү өткөрүүгө мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоору даярдалды. Мыйзам бир жылга эсептелген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кечээги жыйынында аталган мыйзамдын демилгечилеринин бири депутат Мурат Жураев билдирген эле. Аталган маселе боюнча биз менен азыр саясат таануучу Карыбек Байбосунов "Азаттык" менен ой-пикир бөлүштү.

- Жаран катары сиз дагы былтыркы митингдердин айрымдарына катышып жаттыңызбы?

- Жок мен митингдерге катышкан жокмун, мага андай митингдердин кереги жок.

- Мораторий киргизүү жөнүндө азыр чыгып жаткан демилге сунуштарды колдоор белеңиз?

- Азыркы мораторий боюнча демилге, сунуштарды колдосо да, колдобосо да болот. Себеби 9-ноябрдагы митингдердин заманы, кырдаалдары өтүп кетти. Ал өткөн чак болуп калды. Экинчиден, демократиянын жайылышы үчүн, элдин өкүлчүлүгү кеңейиш үчүн коомчулук саясатты оңдоп-тескеп катышыш үчүн бийликке катышуунун мындай формалары да керек бизге. Ал эми кереги жок деп атканым, биздин өлкөдөгү стабилдүүлүктүн бузулушуна кызыкдар бир сырткы күчтөр болуп атат. Алардын берген каражаттары аркылуу ар кандай анархиялык топтор түзүлүп, ошонун аркасынан митингдер максатсыз, чеги, программасы жок кыйкыруулар, митингдер болуп атканы албетте бизди кыжаалантат. Бийлик болсо өзүнүн функциясын жакшы аткара албагандыктан оппозиция тарап дагы өзүнүн үнүн чыгарып, адамдарын көчөгө алып чыгып, саясий талаптарын митинг аркылуу коюга мажбур болуп атат да. Ал эми азыркы кырдаалда дагы бир митингдер чыга турган болсо биздин абал абдан курчуп кеткени турат. Ошондуктан, мораторий боло турганы оң го деп ойлойм.

- Бирок ошентип токтотуу мүмкүнбү? Андан көрө ошол демонстрация, митингдер эмне себептен чыгып жатат, саясийби, социалдык талаппы ошол себептердин үстүнөн иштөө керек го, кандай дейсиз?

- Албетте, опозиция менен бийлик тил табышып кетсе тынч түрдөгү митингдерди, радикалдуу эмес, анархиялык эмес цивилдүү талаптар менен чыкса митингдерди жасоого эмне үчүн болбосун. Себеби бул өзү Конституцияда жазылган маселе да. Ал эми Конституцияны бузуп, ага кайра оңдоо, түзөө киргизип, митингдерди кыйкыруу жол менен жүргүзгөн саясат бул өзү болбогон саясат болуп калат дагы, кайнаган суу казанды жаргандай өлкөбүздү жарып жибериши мүмкүн. Себеби Кыргызстан башка өлкөлөрдөй эмес эркиндиктин даамын татып калган өлкө. Ошондуктан бул жагынан сак болуш керек. Бирок дагы бир жолу кайталап айтаарым, быйылча мораторий болуп турганы түзүк.

- Мораторий өңдүү сиздин кабарыңыз жокпу, эл аралык практикада барды ушундай көрүнүштөр. Мен билгенден Казакстан былтыр президенттик шайлоо учурунда киргизген ушундай норманы, бирок жакында кайра жойду?

- Бул убактылуу чара болушу мүмкүн 8-9 айга. Ал эми таптакыр эле тыюу салып, Конституциядан алып салыш мүмкүн эмес. Себеби митинг элдин демократиялык түрдө бийлик уюштурууга, мамлекет түзүүгө катышышы үчүн бул дагы бир жакшы форма болуп эсептелет. Себеби өзүнүн пикирин ачык айта турган бир гана нерсе бар, бул чогулуп өзүнүн ойлорун кенен-кесир талаш-тартыш аркылуу айтып кете ала турган элдик жыйындар. Экинчи маселе, башынан жасап келип атышпайбы, тегерек столго отуруу, форумдарды өткөрүү - алар жабык формада болуп атат. Ал эми митингде ачык формада эмне сөз, кеп болуп атканын эл кабардар болуп аткандыктан, бул нерсени табиятынан алып салууга болбойт бизде.

- Сизге ырахмат.


Маектешкен Улан Эшматов,Прага

XS
SM
MD
LG