Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:27

ӨКМӨТ КЕТТИ, КАЛГАНЫ ЭМНЕ БОЛОТ?


Премьер-министр Феликс Кулов баштаган өкмөттүн кызматтан кетүүсү ар кыл түкшүмөлдөрдүн жаралышын шарттаган чукул окуя болду. Талдоочулар президент Курманбек Бакиевдин колдоосуна арзыган бул чечимдин артында Феликс Кулов баштаган өкмөттүн кеңейтилген курамын кайра бийликке алып келүү максаты менен байланыштырса, айрымдары муну парламентти таркатуу кызыкчылыгына жорушууда. Саясатчылардын кээ бири өкмөттүн кызматтан кетишин ойлонулбай жасалган опурталдуу кадам катары сыпатташат.

Кыргыз өкмөтү өз каалоосу менен кызматтан кетүү демилгесин ушуну менен экинчи ирет көтөрүп жатат. Өкмөт мүчөлөрүнүн сексен пайызына парламент ишеним көрсөтпөгөнүн негиз кылган министрлердин өткөн күздөгү демилгесине анда премьер министр Феликс Кулов бейтарап болуп, президент Курманбек Бакиев колдобой койгон. Бул ирет кызматтан кетүүнү каалаган жыйырмага чукул министрдин башында Феликс Кулов өзү болуп, алардын арызын президент Курманбек Бакиев токтоосуз кабыл алды. Жарым күнгө жетпей, кынтыксыз дароо чечилген мындай аракетти айрым байкоочулар парламентти таркатуу максатында президент менен алдын ала макулдашылган иш деп жатышат.

Феликс Кулов баштаган өкмөт мүчөлөрү болсо өз чечимин Конституциянын жаңы редакциясына ылайык жашоо максаты менен байлоодо. Куловдун кыйытканына караганда, азыркы жагдайда парламент мындай кадамга барбаган соң, бул милдетти өкмөт өзүнө алды. Бирок, Жогорку Кеңештин депутаты Искак Масалиев парламент өзүн өзү таркатууга барбайт дейт, эгер, жагдай ушундай өнүксө, парламентти президент таратышы толук ыктымал. Бирок, депутаттын баамында өкмөт ойлонбой иш кылды. Анткени, азыр парламентте өкмөттү түзүү мүмкүнчүлүгү жок:

- Бүгүнкү Конституция боюнча өкмөттүн да, президенттин да мындай чечим кабыл алууга укугу бар. Бирок, бардык тарапты эске алыш керек эле. Жаңы Конституция боюнча өкмөттү түзүүгө бул парламенттин мүмкүнчүлүгү жок.
Депутат Азимбек Бекназаров бул кадамы аркылуу өкмөт кайрадан кырдаалды курчутканы калды деп болжойт:

- Парламентте укуктук негизди даярдасак, өзүбүздү өзүбүз таратууга балким барат элек. Эми бүгүн башка жол аркылуу парламентти таркатуу деген Конституцияны одоно бузгандык болот да. Башка жол жок да. Өзүн-өзү таркатуунун бүгүн жолу жок.

Саясат таануучу Бакыт Бешимовдун болжолунда дээринде парламентти таратса болот, бирок, бул өлкөнүн коомдук-саясий туруктуулугуна олуттуу доо кетирип коюшу мүмкүн. Ага караганда, президент менен парламент бир талапкерге токтолуп, ошонун айланасында баш кошкону жөндүү. Саясат таануучу ошондой эле кризистин күчөп кетишин жокко чыгарбайт:

- Бирок, бир коркунуч бар. Азыр муну жаңжалга айлантып, кризисти мындан ары тереңдетип, күчөтүп жиберсе, Кыргызстандын элинин мындан аркы абалы мындан дагы оор болуп, күчөп кетиши мүмкүн. Коркунучтуу болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, менин жеке сунушум: азыр салмактуу болуп, сабырдуулук менен, акыл менен чечип, жаңы өкмөттү акырындык менен түзүп алса жакшы болот эле.

Анткен менен, кыйла талдоочулар өкмөттүн кызматтан кетишин эп көрүп, кадырэсе көрүнүш катары баалашууда. Өкмөттүн башка аргасы калбай калган үчүн ушундай кадамга барды деп эсептегендердин тобу муну өлкөнүн экономикалык оор абалы, өкмөткө элдин ишениминин жоктугу менен байланыштырышты. Алардын бири, саясат таануучу Зайнидин Курманов эгер өкмөт азыр озунуп мындай чечим кабыл албаса, парламент өкмөттү жылдык отчет маалында кызматтан кетирип коймок дейт:

- Азыркы жасалып аткан аракет - өкмөттү ордунда калтыруу, жаңы структураны бекитүү, бюджетти бекитүү жаңы жылга чейин, өкмөттүн курамын жаңы мүчөлөр аркылуу кеңейтүү. Анткени, парламенттен колдоо аз болуп жатпайбы. Бир нече депутат министр болот окшойт. Ошо депутаттар структура бекитилип атканда жардам берет да, парламент менен өкмөт ортосунда байланыш болуп калат.

Жогорку Кеңеш өкмөттүн кызматтан кетишине карата өзүнүн чечимин эртең кабыл алат. Президент Бакиев жаңы өкмөт курамы түзүлгөнгө чейин өкмөттү убактылуу башкарууну Феликс Кулов баштаган мурдагы өкмөт мүчөлөрүнө тапшырды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG