Кечээки түз эфирде президент Бакиев америкалык аскердин огунан мерт болгон кыргыз жараны Александр Ивановдун өлүмү боюнча суроого жооп берип жатып, америкалык аскерлердин дипломаттарга тең кол тийбестик укугу алынып салынып, алар эгер Кыргызстандын аймагында кылмыш кылса кыргыз мыйзамдарына ылайык жазага тартылышы керектигин, бул маселени Тышкы иштер министрлигине тапшырганын билдирди. АКШ элчилиги бул окуя боюнча өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги жиберген нотага берген жообунда Кыргызстандагы америкалык аскерлер АКШнын аскер мыйзамдарынын негизинде соттолоорун билдирген.(SM)