Казак президенти Нурсултан Назарбаев кечээ күнү Астана шаарында болуп өткөн жыйында мындан ары Батыш мамлекеттеринен Казакстан сабак алып, алардын акылын укпайт деп билдирди: "Жетишет. Казакстан мындан ары бирөөдөн буйрук алып, кимдир бирөөнүн акылын уга турган мамлекет эмес. Эмне кылууну биз өзүбүз билебиз. Багелегиюизди түрүп алып биз бирөөнүн артынан эми чуркабайбыз", - деди Назарбаев. Президент катышкан жыйында Отан партиясы Жарандык партия менен бирикти, бирок жолугушуу учурунда Назарбаевдин минтип сүйлөй турганына ачык себеп болгон жок.