Орусиялыктар азыр Кыргызстан десе «жоогазым ыңкылабын», Өзүбекстан десе Анжиян окуясын эскеришет. Анализчилер болсо президент Ислам Каримов Анжиян кагылышынан кийин дүйнөлүк уюмдар ишениминен чыгып калганына карабай, Маскөөнүн аны колдоого алган кези, бирок ал Канттагы аскерий базасы турганда президент Курманбек Бакиевдин да көңүлүн уулоого кызыктар дешет.
Кремлдин жарчысы деп коючу анализчи Алексей Мухин айтканга караганда Бакиев мырзанын Ташкенге ырасмий барышын, Орусия, мурдагы СССРди түзгөн жааттын, айрыкча, Борбордук Азиядагы жумуриятар сүйлөшүүлөрүнүн жөнгө салына башташы болот:
«Кантсе да ушуну менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн биринен биринин качышынын мөөнөтү бүттү сыяктанат. Мындай көрүнүштү Орусия
толук колдоого алат», - деди маскөөүк саясий маалыматтарды иликтөө Борбордун жетекчиси.
И.Каримов биринчи кезекте БУУ, КМШ, ШКУ (Шанкай кызматташуу уюму), Евразиялык экономикалык уюмдарда бирге аракет жасоону, ал эми К.Бакиев болсо Өзүбекстан менен алаканын өнүгүшүн маанилүү деп эсептеше тургандыгын ИНТЕРФАКС агенттиги белгилейт.
Кайсы бир орусиялык анализчилер ШКУнун бир максаты АКШны Борбордук Азиядан кууп салуу болуп атат дешет. 2005-жылы июлда өткөн ШКУ саммитинде америкалык аскерий базаны Борбордук Азиядан чыгарып кетүү мөөнөтүн такта деп Вашингтонго талап коюу буга күбө дешет.
Кыргызстандын лидери Бакиевдин кошуна Өзүбекстанга, чексиз бийликтүү Каримов башкарган өлкөгө кызмат иши менен барышын орусиялык либералдар жактыра бербешин көзкарандысыз анализчи Юрий Ханжин айтат:
«Бишкек менен Ташкендин алакасы мындан ары кандай жолго түшөт? Бул жакындашуунун аркасы канчалык деңгээлде Кыргызстандын ички саясатына таасир этет? Ал өлкөдөгү «жоогазын ыңкылабы» көз жаргандан кийин биз сөз эркиндиги, адам укугунун корголушу сыяктуу демократиялык баалуулук ушул бойдон кала берет деп катуу үмүттөндүк эле», - дейт Ханжин мырза.
Муса Мураталиев, Маскөө калаасы