Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

ИРАН ПРЕЗИДЕНТИ ИНДОНЕЗИЯДАН КОЛДОО ИЗДӨӨДӨ


Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад дүйнөдөгү эң ири мусулман өлкөсү болгон Индонезияга барды. Байкоочулар ядролук программасына байланыштуу Батыш менен кырды бычак болуп турган Иран Индонезиянын колдоосуна муктаж экендигин айтышууда. Индонезия Иранга ылым санаганы менен менен исламдык радикализм көйгөйүн жакындан билген Жакартанын өкмөтү Тегерандын исламчыл бийлигин үзүлүп түшүп колдоорун айтуу кыйын.

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Иранды уран байытуудан баш тартууну талап кылган резолюция менен чыгышы мүмкүн деп турган чакта Иран президентинин Индонезияга барышы ирандыктар Жакартадан колдоо издеп жаткандыгынан кабар берет.

Шанон Киле Стокгольмдагы Эл аралык Тынчтыкты Изилдөө институтунун серепчиси. Анын айтымында, Индонезия, Малайзия сыактуу эч бир блокко кошулбаган өлкөлөрдүн башын бириктирген бул топту эбактан колго алып, өзүнүн ядролук программасына колдоо алуу үчүн Иран эбактан аракеттенип келген.

Тегерандан жолго чыгаардын алдында Ахмединежад Иран менен Индонезиянын келечек алакаларына жогору баа берди:

Эки өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү өз ара кызматташтыкка чоң мүмкүнчүлүктөрдү ыйгарат. Маданий, илимий, саясий, техникалык жана экономикалык тармактардын кайсынысында болсун Индонезия менен, кызматташтыкка эч кандай чектөө жок. Кудай буйруса бул сапар жети келишимге кол коюлат, бул да бизге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Серепчи Киленин пикиринде, Ахмединежад Индонезиядан Ирандын ядролук отун өндүрүүгө, анын ичинде уран байытууга укугу бар деген билдирүү менен чыгышына үмүттөнүп жатат. Батыш Ирандын уран байытуусуна каршы, себеби андан ядролук курал жасаса болот. Жакартада Ахмединежад Батыштын Иран "ядролук курал жасагысы келет" деген ырастоосун четке кагып, Батыштын өзүнө мындай деп кине койду:

Кошмо Штаттары жана анын союздаштары өздөрү тынчтыкка каскак болгон иштер менен алектенишет. Алардын мындай иштери күндөн күнгө көбөйүп баратат. Алар ошондой эле Жакынкы Чыгышта айрым өлкөлөрдү жана топторду ядролук курал менен жабдып, өздөрү массалык кыргын салуучу куралдарды күнүгө сынап жатышат.

Киленин көз карашында, Иран көңүлдү ядролук куралдын таркашынан ядролук технологияны көзөмөлдөө укугу кимде деген маселеге бурууга далалаттанууда жана мында айрым жылыштар жок эмес:

- Ирандыктардын пикиринде, уран байытууга тыйуу салуу аракеттери Батыштын өнөр-жайлашкан өлкөлөрү колдонгон кош стандарттуулукка жатат. Менимче мындай аргумент Индонезия менен Малайзия сыяктуу өлкөлөрдө колдоо таап жатат.

Албетте, Иранга ашкере ылым санап, Индонезиянын жетекчилиги өлкөдөгү радикал исламчыл топтордун чырагына май тамызгысы келбейт. Анын аралыгында, Европа Биримдигинин мүчөлөрү Франция, Германия жана Британия Иранды уран байытуудан баш тарттыруу үчүн ага экономикалык артыкчылыктарды ыйгарууну караган сунуштардын топтомун камдап жаткандыгы кабарланууда. Келерки дүйшөмбүгө карата даяр болушу күтүлгөн документте Иран бул сунуштарды четке какса ага кандай чара көрүлөөрү да камтылмакчы.

XS
SM
MD
LG