Ооганстандын ырасмий өкүлдөрү менен түрмөдөгү козголоңчулардын сүйлөшүүлөрү мунун алдында натыйжасыз аяктаган эле. Абактагылар түрмөнүн дарбазасын уратканга аракет кылганда полиция аларга ок жабылтты. Абаккерлерден бир нече киши өлдү, ондогону жарадар болду. Тополоң төрт күндөн бери уланууда. Козголоңду мурдагы талиптер менен адам уурдап,соода кылган кылмыштуу топтун өкүлдөрү уюштурушту.