БИШКЕК. Норвегиянын эл аралык мамилелер институтунун 31 байкоочусу жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу башчыларына добуш берүүгө көз салууда. БУУнун өнүгүү программасынын 18 эксперти бул шайлоонун техникалык жактан ишке ашырылышын иликтеп жатат. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы республика боюнча 520 байкоочу койду. Ошондой эле “Эркиндик” партиясы жана башка саясий партиялардын байкоочулары да иштеп жатышат. БШК билдиргенге караганда, жергиликтүү байкоочулардын басымдуу бөлүгүн талапкерлердин байкоочулары түзөт.