Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери бүгүн Брюссел шаарынан атайын билдирүү жасап, Иран, Кытай жана Орусиядагы адам укуктар абалын сынга алды. Министрлердин айтымында, Орусияда жарандык коом менен маалымат каражаттарынын аракеттери чектелүүдө жана башка улуттагы адамдарга каршы маанай күчөп баратат. Иран менен Кытайдагы абал дагы начар, жана бул мамлекеттер Европа Биримдиги менен кызматташууну кеңейтебиз десе, адам укуктарына өзгөчө көңүл бурууга тийиш.