БИШКЕК. Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо мөөнөтүн 24-январга чейин узартуу керек. Мындай резолюция 11-декбарда саясий партиялар жана бейөкмөт уюмдардын жыйынында кабыл алынды. Бул жыйында жаңы долбоор басма сөз беттерине өтө түшүнүксүз жана кыска жарыялангандыгы айтылды. “Интербилим” уюмунун лидери Асия Сасыкбаеванын айтымында, аны президенттик администрация атайын түшүнүксүз кылып жарыялаткан. “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” талкуунун мөөнөтүн 15-январга чейин узартуу керек, деп билдирди. Ал региндордо калктын басымдуу бөлүгү жаңы долбоорду көргөн да жок, ошондой эле учура жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга шайлоолор менен гана алек болуп жатат дейт. “Эркиндик” партиясы учурда гезиттерге жаңы долбоорду кеңири жана түшүнүктүү кылып кайра жарыялоо сунушу менен чыкмакчы. Топчубек Тургуналиев өзү жетектеген партиянын демилгеси менен Ош, Жалалабат, Баткен дубандарда конституциянын жаңы долбоору боюнча талкууларды уюштуруп келди.