БИШКЕК. 10-декабрда “Пирамида” телерадиокомпаниясынын жамааты ички иштер министринин, улуттук коопсуздук кызматынын жана башкы прокурордун наамына кайрылуу жолдошту. Анда телекомпанияга байланышкан ыдык көрсөтүүнү токтотуу талабы коюлуп, бардык талаш маселелер коркутуп-үркүтүүлөрменен эмес соттук негизде чечилиши керектиги айтылат.Ошондой эле “Инвест Медиа” эмне болгон компания жана анын артында ким тураарын билгибиз келет, деп белгиленет кайрылууда. Мындан сырткары эгер эки күндүн ичинде бийлик эч кандай аракет көрбөсө телеканалдын жамааты жана колдоочулары нааразылык чараларына чыгаары эскертилген. Бул тууралуу ушул эле күнү “Пирамида” телекомпаниясынан кабарлашты.