Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:23

Жерге муктаж адамдар кайрадан пикетке чыкты


БИШКЕК. 4-ноябрда өкмөт үйүнүн жанына жерге муктаж 200дөн ашуун адам пикетке чыгышты. Алар Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Каражыгач айыл өкмөтүнө караштуу 620 гектар жерден үй курууга жер участогун бөлүп берүүнү бийликтен талап кылышууда. Жер алуучулар ассоцациясынын төрагасы Талгарбек Момуналиевдин айтымында, учурда жерге муктаж 5 миңге чукул адам бар. Өткөн жумада вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов жер алуучулардын коомдук бирикмелери менен жолугуп, жер талашына байланыштуу маселени текшерип, оң чечүүнү Чүй облустук, райондук жетекчилерге тапшырган. Пикетке келгендер өкмөт тараптан эч кандай көңүл бурулбагандыгын айтышып, эгерде талаптары аткарылбаса автожолду тосушаарын билдиришти: “Талаптарыбыз аткарылбаса жол тособуз. Ак үйдүн алдына келип өрттөнүп өлгүм келип турат, дейт” - жерге муктаж Апар Абдырахманова.

Жерге муктаж адамдар мамлекет башчысы Курманбек Бакиевге президенттик администрация туура эмес маалымат жеткизүүдө деп айыпташты. Алар, коомчулукта баш аламандык уюштурууну көздөгөн күчтөр жерге муктаждарды акчага жалдап атат деп, сыналгы аркылуу айткан президенттин пикирине нааразы болушту. Ошондой эле Бишкек шаарынын райодук акимиаттарындагы коррупция жер бөлүштүрүүдө көз бойомочулукка барып жатканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG