БИШКЕК. 5-ноябрда Борбор Азиядагы Америка Университетинин президенти Элен Хурвицтин ишке киришин расмий салтанаттоо болот. Инагурацияга эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, элчилер, окумуштуулар катышмакчы. Борбор Азиядагы Америка университетинде учурда АКШ, Европа, КМШ, Чыгыш Азия мамлекеттеринен студенттер билим алышат. Буга чейин АКШ окуу жайга жатакана куруу үчүн 15 миллион доллар бөлгөндүгү тууралуу кабарланган. Аталган Университет Бишкекте эки тараптуу макулдашууга ылайык, 1996-жылы Кыргыз-Америка университети болуп түзүлүп, анын расмий ачылышы АКШнын ошол кездеги биринчи айымы Хиллари Клинтондун катышуусунда өткөн.