Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

АКШ МЕНЕН ФРАНЦИЯ СИРИЯНЫ САНКЦИЯЛАР МЕНЕН КОРКУТУУДА


Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү Франция жана АКШ – февраль айында Ливандын экс-премьери Рафик Хариринин өлүмүнө тиешеси бар ырасмий адамдар камакка алынбаса, Сирияга каршы санкцияларды киргизээрин эскертишти. Анын алдында эле Коопсуздук Кеңеши Ливандын экс-премьеринин өмүрүн алган Бейруттагы жардыруу боюнча иликтөө жүргүзгөн эл аралык тергөө тобунун билдирүүсүн уккан.

Германиялык прокурор Детлев Мехлис баш болгон Улуттар уюмунун атайын комиссиясынын докладында Ливандын экс-премьери Рафик Хариринин өлүмүнө Сирия жана Ливандын бийликтери аралашканы айтылат. Андан улам АКШ менен Франция даярдаган резолюция долбоорунда Сириядан эл аралык тергөө тобунун докладында айтылгандардан тыянак чыгарып, өкмөттүн айрым өкүлдөрүн жоопко тартуу талабы камтылган. Андан сырткары ал адамдардын банктардагы эсептерин тоңдуруу, чет өлкөлөргө сапарга барууга тыюу салуу каралган. Эгерде Сирия бул талаптарды аткарбаса, анда Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине бул өлкөгө каршы санкциялар киргизүү сунуш этилет.

54 беттен турган докладдын урунттуу жерлери менен тааныштырып чыккан Германиялык прокурор Мехлис Сирия эл аралык тергөө тобу менен кызматташуудан баш тартканына көңүл бурду:

- Комиссия эмне кыла алат? Мен Сирияга 500дөй тергөөчү жөнөтүп, керектүү документтерди издете албайм, анча тергөөчү да жок менде. Биз Сириянын бийликтеринен биздин айткандарды угуп тим болбостон, тийиштүү аракет көрөт деп күтөбүз.

Мехлис баш болгон 30дай эл аралык тергөөчү Ливандын экс-премьери Хариринин өлүмүн иликтөөгө 4 айдай убакыт коротуп, 400дөй күбөнү суракка алганы кабарланды.

Ал тапта Сириянын өкүлдөрү эл аралык тергөө тобунун докладында айтылгандардын баарын четке кагууда. Сириянын Британиядагы элчиси Сами Хиями тергөөчүлөр айрым маселелерде аша чаап, иликтөөнү ар тараптуу жүргүзө албай калган деп белгиледи.

- Докладда буга окшогон кылмыш Ливанда турган Сириянын коопсуздук күчтөрүнөн жашыруун жасалышы мүмкүн эмес деп айтылат. Бул эми 11-сентябрда АКШда болгон теракттарды Вашингтон билбей калышы мүмкүн эмес дегендей эле кеп.

Улуттар уюмунун Детлев Мехлис баштаган тергөөчүлөр тобу Ливан өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча өз иликтөөсүн дагы улантып, 15-декабрга дейре иштемей болду. Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө Орусия менен Кытай – тергөөчүлөр дагы бир нече ай, же жылдар бою иштеп, ишти аягына чыгарышы керек, ага чейин санкциялар жөнүндө сөз кылуу эртелик кылат, деген пикирин билдиришти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG