Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Мамлекет башчы элчиликтердин ишине ыраазы эмес


БИШКЕК. Элчиликтер президенттин сапарын уюштуруу менен гана чектелип, президент кеткенден кийин эмне кылып атканы түшүнүксүз. Мындай пикирин президент Курманбек Бакиев 15-октябрда өкмөт үйүндө болгон жумушчу кеңешмеде билдирди. Аталган жыйында мамлекет башчы тышкы саясатта үч максатты койду. Эң оболу, Кыргызстандын жаңы тышкы саясий бейнесин түзүп чыгуу керек. Курманбек Бакиевдин пикиринде, Ооганстандагы олку-солку кырдаал, наркосоода жана эл аралык терроризмдин Кыргызстанга терс таасирлери тийип жатат. Андыктан тышкы саясат Кыргызстандын коопсуздугун сактоого, экономиканы көтөрүүгө жана өлкөнүн тышкы саясий бейнесин оңдоого багыт алганы оң.

XS
SM
MD
LG