Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

4 качкындын Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине Башкы прокуратуранын тиешеси жок


БИШКЕК. Июнь айында 4 бозгундун Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине Башкы прокуратуранын эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу 3-августта Баш прокурордун орун басары Нурланбек Жээналиев билдирди. Анын айтымында, 4 өзбек атуулу өздөрүнүн жеке өтүнүчү боюнча Өзбекстандын ырасмий бийлигине Жалалабат облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп берилген. Бул иш боюнча түзүлгөн атайын мамлекеттик комиссия да 4 атуулду Өзбекстанга өткөрүп берүүдө Баш прокуратуранын тиешеси жок экендигин тастыктады. Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө айтылгандай, президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун «баш прокурор 4 өзбек атуулун Өзбекстанга өткөрүп берди», - деп айткан. Бирок ушул эле күнү Турсунбек Акун ал 4 качкынды Баш прокурор эмес, бийлик өткөрүп берди деп айткандыгы жөнүндө билдирди.

XS
SM
MD
LG