Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Кыргызстанда жигердүү үгүт иштери байкалбайт


БИШКЕК. Кыргызстанда президенттикке талапкерлер тарабынан жигердүү үгүт иштери жүргүзүлгөнү байкалбайт. Президенттикке талапкерлердин региондордогу штабдары тарабынан да активдүү үгүт иштери жургүзүлгөн жок. Мындай пикирин 6-июлда «АКИ-пресс» агенттигинде «Elections and Democracy» эл аралык ассоциациясынын Кыргызстандагы президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине көз салып жаткан байкоочулары билдиришти. Алардын айтымында, Кыргызстандын Шайлоо Кодексинде президенттик шайлоонун ачык-айкын өткөрүлүшүнө белгилүү деңгээлде тоскоолдук кылган айрым нормалар бар. Мисалы, аларга шайлоо учурунда берилен арыздарды кароо мөөнөтү так көрсөтүлбөгөндүгү, президенттикке талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзүүдө мамлекеттин менчигиндеги унааны жана башка каражаттарды пайдаланууга, агитациялык мүнөздөгү материалдарды маалыматтык материалдар катары жарыялоого мүмкүнчүлүк берилгендиги жана башкалар кирет. «Elections and Democracy» уюмунун 38 өкүлү 10-июлда Кыргызстандагы президенттик шайлоонун өткөрүлүшүнө байкоо жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG