Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:29

АКАЕВГЕ ТААНДЫК ДЕЛГЕН МҮЛКТӨРГӨ ЧЕКТӨӨЛӨР АЛЫНДЫ


Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевге, анын үй-бүлөсүнө, жакындарына таандык мүлктөрдү териштирүүгө байланыштуу айрым ишканаларга мурда коюлган чектөөлөр 1-июлдан баштап алынып салынат. Буга байланышкан жардыкка президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев комиссия ишин жыйынтыктагандан кийин кол койду.

Жардыктын күч структуралары текшерип жаткан ишканаларга тиешеси жок. Комиссия адегенде текшерүү зарыл болгон болжолдуу 42 ишкананын тизмесин түзүп, кийинчерээк иликтөөнүн жүрүшү ишканалардын санынын 177ге чейин өсүшүн шарттаган. 18-апрелде чыккан жардыкта тизмедеги ишканаларга комиссиянын иш мөөнөтүнүн учурунда баалуу кагаздар менен иш жүргүзүүгө, кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтерди кайра даярдоого, өзгөртүүгө, жетекчиликтерин алмаштырууга, чет өлкөгө акча каражатын которууга же башка операцияларды жасоого тыюу салынган.

Тизмедеги ишканаларды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратура, коопсуздук кызматы, ички иштер министрлиги 30 дан ашык багыт боюнча териштирүү жүргүзүп, алардын кыйласына иш козгоду. Тергелип жаткан иштердин катарында «Мээрим» кайрымдуулук фонду, «Бител», «Кант цемент-шифер», «Кайыңды-Кант», «Аалам сервис», «Манас-Интернешнл сервис», өңдүү ишканалар бар. Булар дээрлик салык төлөбөгөндүгү, кирешени жашыргандыгы, мамлекеттин кызыкчылыктарына доо кетиргендиги үчүн иликтөөгө алынууда.

Анткен менен мамлекеттик комиссиянын төрагасы вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдун айтымында, «үй-бүлөлүк» бизнес схемасы кылдат ойлонулуп түзүлгөн:

- Кызык жагдайлар болду. Маселен, «Народный» дүкөн түйүндөрү. Үй-бүлөгө мунун тиешеси жок экендиги тууралуу дароо жарыяланган. Карап көрсөк чын эле негиздөөчүлөр Конев, Синкхов деген мырзалар жана «Силк Вей инвестмент» деген бир компания экен. Иликтеп көрсөк, «Силк Вей инвестмент» деген Саркишев менен Жамакеев экен, алар - Акаеванын жээндери.

Данияр Үсөновдун айтымында, Аскар Акаев башкарып турган кезде Кыргызстанда коррупциялык аракеттер кадырэсе көрүнүшкө айланып, бюджеттик каражаттар менчик максаттарга кенен-кесири пайдаланылып келген:

- Биринчи президенттин китепканасынын чала бүткөн имаратына республикалык жана Бишкек шаардык бюджеттен 247 миллион сом сарпталган.

Данияр Үсөновдун айтымында, иликтөөдөгү ишканалардын айланасында ачыкталган мындай фактылар оголе көп. Анткен менен, Аскар Акаев комиссиянын дооматтарын жалаа катары санап келатат. Анын адвокаты Максим Максимович мындай дейт:

- Анын имиштерде айтылып жаткан чет өлкөдө же Кыргызстанда кымбат баадагы кыймылсыз мүлкү жок. Анын наамында президент боло электе алган квартирасы жана Академиядан алган эски дачасы эле бар.

Ошол эле учурда айрым саясатчылар комиссия жеке кызыкчылыктарга азгырылды, менчикти кайра бөлүштүрүү менен алектенди деп сындап жатышат. Алардын бири - учурда салык маселесине байланыштуу прокуратура текшерип жаткан «Мунай Мырза» ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бирөөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов. Анын дооматтарынын биринде мурдагы ишкер Данияр Үсөновдун карамагындагы «Инексимбанк» өңдүү ишканаларга президенттин жардыгы таасир эткен жок деп айтылат:

- Президенттин жардыгы чет өлкөдөгү кайдагы бир түшүнүксүз аймактарга акча которууга бардык банктарга тыюу салган. «Инэксимбанк» болсо кыйынчылыксыз эле которуп атат. Ошондой эле мен Башкы прокурордон «Инексимбанктын» карамагына «Альфагруптан» келген 20 миллион долларды текшерип берүүнү сурап кайрылгам.

Данияр Үсөнов мындай пикирлерди комиссиянын ишине бут тосуу катары санайт. Ал ошондой эле өкмөттүк жыйында комиссиянын ишине Ишкер кеңеш да олуттуу тоскоолдук кылганын айтты.

Кыргызстандагы ишкер кеңешке мүчө эл аралык уюмдардын айрым өкүлдөрү иликтөө комиссиясын өкмөт жетекчиликке алышына тынчсыздануусун, акыйкаттыгына күмөнсүнүүсүн мурдараак билдирген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG