Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:46

Бишкекте Трансплантация жана гемодиализ борборунун курулушу башталды


Бишкекте Трансплантация жана гемодиализ борборунун курулушу башталды. 20-ноябрь, 2024-жыл.
Бишкекте Трансплантация жана гемодиализ борборунун курулушу башталды. 20-ноябрь, 2024-жыл.

Саламаттык сактоо министрлиги 20-ноябрда Бишкекте Трансплантация жана гемодиализ борборунун курулушу башталганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, наркы 446,6 миллион сомду түзгөн борбор толугу менен республикалык бюджеттен каржыланат. Ал акыркы үлгүдөгү жабдуулар менен жабдылып, гемодиализ, органдарды трансплантациялоону талап кылган бөйрөк жана боор оорулары менен ооруган бейтаптарга кызмат көрсөтөт.

Мекеменин түзүмүндө нефрология, гемодиализ, гепатология, трансплантология бөлүмдөрү, ошондой эле генетикалык жана биохимиялык изилдөө лабораториясы болот. Борбордо операциялык бөлмөлөр, интенсивдүү терапия бөлүмдөрү жана бейтаптарга трансплантациядан кийинки кам көрүү бөлүмү болот.

Саламаттыкт сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев оорукана курулуп бүтсө Кыргызстанда бөйрөк жана боор ооруларын аныктоо жана дарылоо жаңы деңгээлге чыга турганын айтты.

2023-жылдагы маалымат боюнча Кыргызстанда гемодиализ алган 2600дөй бейтап бар, ар бир бейтапка мамлекет орто эсеп менен бир сеанска 6,5 миң сомдон бөлөт. Бул процедуралар үчүн мамлекеттик бюджеттен жылына 2,5 миллиард сомго жакын каражат каралат.

Расмий маалыматка ылайык, ушул тапта Кыргызстанда 17 миңдей адам боор оорусунан жабыркап келет. Алардын жарымы трансплантацияга муктаж. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG