Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:11

СОТТОР ИШ ОРУНДАРЫНА МИЛИЦИЯНЫН КОШТООСУНДА КАЙТЫП КЕЛИШТИ


Дүйшөмбүдө Жогорку соттун атуулдук иштер боюнча коллегиясы өз имаратында ишке киришти. Бирок имарат алдында нааразылык билдирип турган шайлоочулар тарашкан жок. Алар дагы эле талаптарынан кайтпай жатышат.

Жогорку соттун атуулдук иштерди караган сотторунун дүйшөмбүдө ишин жумушчу орундарында улантышына Жогорку Кеңештин жума күнкү токтому негиз берди. Анда Парламент соттордун иштешине шарт түзүп берүүнү өкмөткө тапшырган. Ага ылайык Жогорку сот имаратынын айланасындагы тартип сактоо чаралары ички иштер кызматы жана Улуттук Гвардия тарабынан күчөтүлдү. Судьялар иш орундарына милиция кызматкерлеринин коштоосу менен киргизилди.

Бул тууралуу Жогорку соттун төрага орун басары Калиман Акназарова мындай маалымат берди:

- Милициялар турду дагы, «коридор» менен кирдик. Буга чейин деле биз карала турган граждандык иштерди райондордо дайындап, иштеп атканбыз. Бүгүн келдик дагы, мен почтанын баарын карап атам, соттор иштерди карап атат, анан иштеп баштайбыз.

Акназарованын оюнда, нааразылык билдиргендер негизсиз талаптарды коюп, ал аркылуу сот ишине олуттуу тоскоолдук жасашты. Бул күнү судьялардын айрымдары мындан ары иштин турукташаарынан үмүтү барын билдиришти.

Бирок судьялар имаратка уурданып кирип кетти деген нааразы тарап акциялар күчөсө күчөйт, бирок токтобойт дешет. Маселен, Абдылда Юсуповдун айтымында, атуулдук сот коллегиясынын ишти башташы нааразы болгондордун санын көбөйтөт жана бул президенттик шайлоого тескери таасир этет. Анткени, шайлоону шылтоологон Жогорку сот азыр кырдаалды кайрадан курчутуп атат:

- Эми шайлоонун тынч өтүшүнө менин да башым жетпей калды. Эртең эл келет, парламентке асылат, эмнеге силер органдын адамдарын жиберип ушундай кылдыңар деп. Сотко асылат…

Пикетчилердин дагы бири Анара Даулеталиева мындай пикирде:

- Осмонов ушундай ыкма менен жумушка келгиси келип жатканы анын кандай жол менен болсо да ордуна отургусу келип жатканын билдирет. Бирок биздин акция уланат. Анткени, биз бул жерде жөн эле турган жокпуз.

Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов бул күнү имаратка келген жок. Анын орун басарларынын бири Калиман Акназарова болсо пикетчилер сотторду жөнү жок айыптап жатканына тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, пара же дагы башка дооматтар үчүн абийир, ар-намысты коргоп, аларды сотко берүүгө толук негиз бар, бирок соттор жалпы өлкөдөгү жагдайдын турукташуусуна кызыкдар болгон үчүн бардык айыптоолорго чыдамкайлык менен мамиле кылып жатышат:

- Атуулдук коллегиянын бир сотунун күнөөсү болсо мен айтат элем, отставкага кетишибиз керек, эл ушундай болуп атат деп айтат элем. Мен мисалы, отставкага кеткенге эч кандай негиз жок деп эсептейм.

Нааразы тарап тескерисинче, Осмонов баштаган соттордун кызматтан кетиши башкы талап бойдон кала берээрин бул күнү дагы бир ирет эскертишти. Акцияга катышып жаткандардын бири Калича Умуралиеванын айтымында :

- Биз бул жерден кетпейбиз дедик. Биздин колубузга бүтүм берсин. Комиссия иштеп чыкпадыбы, эмне жазды бизге айтсын.

Өткөн айда президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин буйругуна ылайык эксперттик комиссия талаштуу округдардагы жагдайды териштирип, өз баасын берген. Президенттин алдындагы укук коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун айтымында, комиссия тыянагын Курманбек Бакиевге берген. Бирок анын мазмуну ачыктала элек. Пикетчилер эксперттик комиссиянын иши ачыкталса, кимдин ким экени аныкталат эле дешет.

- Биз жаманатты болсок, биз жаманатты бололу, сот жаманатты болсо сот жаманатты болсун, Ошондуктан, комиссиянын чечими берилиши керек , - дейт Калича Умуралиева.

Парламенттик шайлоого байланыштуу акыйкат эмес чечим чыгарды деп Жогорку сотту айыптаган шайлоочулар имаратты 22-апрелде ээлешкен. 1-июнда аларды өздөрүн элдин өкүлдөрүбүз деп атаган көпчүлүк сүрүп чыгарган. Бул чара тараптардын чыр-чатагына алып келип, пикетчилердин арасынан бир даары жаракат алышкан. Ошол күндөн бери шайлоочулар нааразылык чарасын кайрадан имараттын сыртында улантышууда. Пикетчилердин катарында талаштуу деп саналган 7 округдун нааразы шайлоочулары бар.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG