Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Кыргызстанда көгүлтүр газ жогорулатылган баа менен сатылган


БИШКЕК. Башкы прокуратура тарабынан «Кыргызгаз» Акционердик коомуна жана 2002-2005-жылдардын аралыгында көгүлтүр газды калкка үстөк баа менен сатып келген 5 жеке фирманын үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 8 –июнда “Азаттыкка” Баш прокуратуранын мыйзам актыларынын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги Канат Аманкулов билдирди. Анын маалыматына караганда, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы түзүлгөн өкмөттөр аралык келишимге ылайык, коңшу өлкө Кыргызстанга көгүлтүр газдын 1000 куб метрин 40 АКШ доллар баасы менен саткан. Ал эми «Кыргызгаздын» мурдагы жетекчилери жеке фирмалар аркылуу газдын баасын 72 долларга чейин көтөргөн. Андан түшкөн пайда өздөрүнүн оффшордук аймактардагы банк эсептерине которулган. Баш прокуратуранын маалыматы боюнча акыркы үч жылдын аралыгында газды жогорулатылган баа менен саткан фирмалар 1 млрд. сомго жакын пайда көргөн.

XS
SM
MD
LG