Британиялык доктур Бернд Рехельдин айтымында, Түркмөнстандын саламаттык сактоо системасы кризиске батты, бийликтер түзүлгөн жагдайга такыр көңүл бурбай жатышат. "Өлкө калкынын ири бөлүгү медициналык жардам ала албай калды",-деди Рехель. Эксперттердин айтымында, өлкөнүн саламаттык сактоо тармагы президент Сапармурад Ниязовдун учурунда кыйроого учурады.
Британ эксперттери Түркмөнстанды саламаттык сактоо тармагындагы абалды токтоосуз оңдоого үндөштү