Бүгүн эртең менен болсо Өзбекстандын Анжиян шаарынын ондогон тургундары 13-майдагы кандуу окуялардан кийин дайынсыз жок болуп жаткан тууган-туушкандарынын дарегин билүү үчүн ички иштер министрлигинин жергиликтүү башкармалыгынын алдында чогулушту. Кабарчыбыздын маалымдашынча, алар бүгүн саат 12ге чейин туруп, анан тарап кетишти:
- Көптөгөн кишилер терең кайгыга баташты, анткени алардын туугандары дарексиз жок болуп аткандардын тизмесинде аталган жок.
Өзбек бийликтери шаардагы кандуу окуяларда 169 киши курман болгондугун, адардын 32 аскерлер экенин маалымдайт. Бирок укук коргоочулар курман болгондордун саны бир миң кишиге бара турганын айтып жатышат. Президент Ислам Каримов окуяны эл аралык комиссия тарабынан иликтеп чыгуу талаптарын четке какты.