БИШКЕК. Кыргызстандагы 29 миң согуш ардагерине 2 миңден 10 миң сомго чейин жөлөк пул берүү багытында өкмөт тарабынан бир катар чаралар көрүлдү. Ал акчалар 10-майда ардагерлерге таратылат. Бул тууралуу вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов 4-майда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Улуу жеңиштин 60-жылдыгына мааракелик медаль чыгарылган. 9-майда жеңиштин урматына иш чара өткөрүлүп, согуш ардагерлерине медаль салтанаттуу түрдө тапшырылат.