Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

5-апрелге аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!
Бишкектеги метеорологиялык борбордун маалыматы боюнча 5-6-апрель күндөрү
Ош, Жалалабат облустарынын тоолуу аймактарында жана Бишкек-Ош автожолдорунун 132-138, 197-250 чакырым аралыктарында көчкү жүрүшү күтүлүүдө.

5-апрелде Кыргызстанда маал-маалы менен кар жаайт. Түндүк-батыш тараптан муздак жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ облусунда түнкүсүн -1...-6 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз 0 градустун айланасында.
ТАЛАСТА түнкүсүн -2ден...-7 градуска чейин суук болот. Күндүз 0 градус.
ЖАЛАЛАБАТ, ОШ, БАТКЕН чөлкөмдөрүндө түнкүсүн 0...-2 градус суук, күндүз 0...+5 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ аймагында түнкүсүн 0...-2 градус суук, күндүз +1...+6 градус жылуу.
Тоолуу НАРЫНда түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз 0...+5 градус жылуу болот.
БИШКЕК шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -2...-4 градус суук, күндүз 0 градустун айланасында.
Күндүн узактыгы 12 саат, 54 мүнөт.

Кабарлар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана облусттук кабарчылар даярдады.

Редактору Султан РАЕВ.

XS
SM
MD
LG