БИШКЕК. 31-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилик имаратынын алдына 100дөй адам нааразылык иш чарасына чыгышты. Алар учурда Орусияда жүргөн бийликтен четтетилген мамлекет башчы Аскар Акаев өлкөнү башкарып турган мезгилде анын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген өлкө байлыктарын жана 24-мартта Кыргызстандан алып кеткен акчаларды кайра катарууну талап кылышты. Ал эми Аскар Акаев орусиялык маалымат каражаттарына берген интервьюларынын биринде өлкөдөн эч кандай акча алып кетпегендигин маалымдаган.