Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:24

Транспаренси Интернешинел Азербайжандын антикоррпуциялык мыйзамына ишенбестигин билдирди


ПРАГА. Коррупцияга каршы чара көрүүгө көзөмөл жүргүзгөн "Транспаренси Интернешинел" уюму Азербайжандын жаңы антикоррупциялык мыйзамына этият мамиле жасоодо. Уюмдун бүгүн тараткан билдирүүсүндө Азербайжан бул мыйзамды ишке ашыра алаарына ишенбестик айтылат. Уюмдун жооптуу өкүлү Дэвид Нусбаум буларды айтты:

- Мыйзамдар албетте керек, бирок коррупцияны ооздуктоо үчүн жалаң эле мыйзамдын өзү жетишсиз. Мыйзамдын натыйжалуулугу аны ишке ашыруучу мекемелердин ишине жана ал мекемелердин бийликтерден көз караандысыз боолуусуна байланыштуу болот,- деди Нусбаум.

Мыйзам биринчи январдан тарта күчүнө кирет. Азербайжан дүйнөнүн коррупция гүлдөп-өскөн өлкөлөрүнүн тизмесине киргизилген.

XS
SM
MD
LG