Бул кан жол ооган президенти Хамид Карзайдын катышуусу менен салтанаттуу кырдаалда ачылды. Паншир чөлкөмү ондогон жылдар бою ооган моджахеддеринин тиреги, 80-жылдары советтик оккупацияга каршы күрөшкөн согушкерлердин базасы болгон. Кабулду Паншир чөлкөмү менен байланыштырган жол АКШнын каржылоосу менен курулду.