Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

ИЗРАИЛ СИРИЯГА КЫСЫМ КӨРСӨТҮҮДӨ


Жума күнкү жан кечтинин чабуулунан кийин Израилдин өкмөтү Сирияга жана палестиндерге кысымын күч алдырды. Убактылуу элдешүүнүн мезгилинде орун алган Тел Авивдеги чабуулда беш киши набыт болгон.

Жекшембиде Израилдин өкмөт башчысы Ариэл Шарон түнкү клубдагы жардыруу үчүн радикалдык Исламдык Жихад уюмун айыптады. Шарондун сөзү боюнча, бул топ Сириядан түшкөн буйрук менен аракеттенди:

- Террордук чабуулду Исламдык Жихаддын мүчөлөрү ишке ашырды. Буйрук Исламдык Жихаддын Сириядагы булактарынан келди, биз муну так билебиз. Ошондуктан, биз палестин бийликтерин терроризм чабуулу боюнча жоопкерчиликтен бошото албайбыз, - деди Израилдин өкмөт башчысы.

Сириянын өкмөтү дароо эле бомбалоого тийешебиз жок деген билдирүү жасады. Сириянын ырасмий өкүлдөрү Исламдык Жихаддын Дамаскидеги бөлүмү жабылып салынгандыгын эске салышууда. Жекшембиде Сириянын тышкы иштер министри Фарук Ал-Шара чабуул үчүн Израилдин өзүнө жоопкерчиликти артууга аракеттенди:

- Израилдин коргонуу министри Шаул Мофаздын Сирияга каршы айыптоосу ал Тел-Авивдеги чабуулдун артында ким тургандыгын биле тургандыгын далилдейт. Менимче чабуул Израилдин өзүндө уюштурулду. Бирок мен эч кимди күнөөлөгүм келбейт, - деди Сириянын тышкы иштер министри.

Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом чабуулга Сириянын тийешеси бар экендигин айгинелеген фактыларды Европа Шериктештигинин жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин назарына сунуш этмекчи болуп жатат.

Шарон менен палестин президенти Махмуд Аббас февралдын башында Египетте өткөн самитте куралдуу калабаны токтотууга макулдашкан эле. Шарон жекшембиде палестиндер согушчандарды тизгиндебесе, сүйлөшүү жаатында жылыш болбойт деп эскертти:

– Израил мамлекети палестиндер менен келишим түзүүнү көздөй кадам таштагысы келет. Бирок, палестиндер террордук топторду жана алардын өз аймагындагы инфраструктурасын жок кылмайынча, дипломатиялык жылыш болбой тургандыгын катуу эскертем.

Эртеси Палестин өкмөтүнүн жетекчиси Ахмед Курей бомба чабуулун айыптады. Мунун алдында Аббас жардырууну тынчтык аракеттерине кол салуу деп баалаган эле.

XS
SM
MD
LG