Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:12

Мамлекет башчынын күйөө баласы жашаган үйдүн бетинде жазуулар пайда болду


БИШКЕК. 23-январдан 24-январга караган түнү белгисиз бирөөлөр мамлекет башчы Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин Бишкектеги үйүнө тегерете тосулган бетон коргондун бир нече жерине чоң тамга менен «Бул үйдө Адил Тойгонбаев ууру жашайт» деген жазууларды жазып кеткен. Ушул эле күнү эрте менен атайын жиберилген адамдар мындай жазууларды шашылыш өчүрүп кетишти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине эч кандай маалымат түшпөгөндүгүн аталган министрликтин маалымат кызматынан ушу эле күнү кабарлашты. Өткөн айдын соңунда кимдир бирөөлөр оппозициячыл саясатчылар Топчубек Тургуналиев, Азимбек Бекназаров жана «Коррупцияга каршы күрөшүү» бейөкмөт уюм жетекчиси Төлөйкан Исамаилова жашаган үйлөрдүн бетине да «Тургуналиев барабар доллар», «Исмаилова барабар доллар» деген жазууларды жазып кетишкен эле. Ички иштер министрлиги мындай көрүнүштү «бейбаштык» деп баалап, кылмыш ишин ачкандыгын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG