Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Турсунбек Акун Украинада шайлоого байкоо жүргүзүп, дарыланып келди


БИШКЕК. Укук коргоочу Турсунбек Акунду уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда жана аны токтотууга эч кандай негиз жок. Мындай пикирин Бишкек шаардык ички иштер кызматынын тергөөчүсү Нурлан Мамбеталиев билдирди Анын айтымында, учурда бул маселе боюнча учурда оперативдик тергөө тобу иштеп жатат. Турсунбек Акун тергөөчү менен биринчи жолу 17-декабрда жолуккан. Белгилеп койчу жагы, Турсунбек Акун 16-ноябрда дарексиз жоголуп, 1-декабрда табылган. Бул окуяны укук коргоочу өзү күч структураларынын жасаган иши деп билдирген жана ден соолугун көз карандысыз дарыгерлердин кароосунан өткөрүүнү талап кылган. Укук коргоочунун акыркы маалыматына караганда, ал акыркы он күндө Киев шаарындагы №1 клиникада ден соолугун чыңдап, 5-январда Бишкекке кайтып келди. Ал Украианга Шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык тармактын колдоосу менен 23-декабрда кеткен.

XS
SM
MD
LG