Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Топон суудан курман болгондордун саны 150 миңге жакындады.


Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү Ян Эгеланддын билдиргенине караганда Түштүк-чыгыш Азиядагы 26-декабрдагы топон суудан каза тапкандардын саны акыркы маалыматтар боюнча 150 миңге жакындады. Инди океанынын алабындагы мамлекеттерге дүйнө коомчулугу көрсөтүп жаткан жана убада кылган жардамдын көлөмү 2 миллиард долларга жетти. АКШнын тик учактары Индонезиянын Суматра аралындагы жетүү кыйын делген аймактарга барып, жардамдарды тарата баштады. Аталган аралда иштеп жаткан дарыгер Изабелла Ларде буларды билдирди
-Биринчи кезекте биз ооруканасы бар убактылуу конуш жай түзгөнү жатабыз. Мындан сырткары суу тазалоочу атайын жабдыктарды орнотуу өтө зарыл.Бул жардамдан эки жарым миңден ашуун киши пайдалана алышат
Бейшембиде Индонезиянын борборунда жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүгө арналган эл аралык конференция өтөт. Ага Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннандын катышаары айтылууда.

XS
SM
MD
LG