Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Оппозиция өкүлдөрү мамлекет башчынын билдирүүсүнө макул эмес


БИШКЕК. Мамлекет башчы Аскар Акаевдин өлкөнүн Коргоо кеңешинин 17-декабрдагы отрумундагы билдирүүсүнө байланыштуу оппозициячыл маанайдагы «Кыргызстан элдик кыймылынын жетекчилери» 20-декабарда маалымат жыйынын өткөрүштү.
Маалымат жыйын катышуучулары президент Аскар Акаевдин соңку мезгилдеги билдирүүлөрүн «мамлекет башчы жетектеген аткаруу бийлиги терроризм, саясий жана диний экстермизм менен күрөшүү ураанын көтөрүү менен коомдук пикир жаратып парламенттик, президенттик шайлоолор алдында массалык репрецияларды жүргүзүү максатында уюштурулуп жаткан провокациялык аракет» деп баалашты. Ошондой эле алар болочок шайлоолорго байланыштуу коркунуч мамлекет башчы Аскар Акаев жетектеген аткаруу бийлик өкүлдөрү тарабынан болушу толук ыктымалдыгын айтышып, мамлекет башчынын алдын ала жоромолун негизсиз деп билдиришти. Бул күнкү маалымат жыйынына Кыргызстан элдик кыймылдын жетекчилери Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Ишенгүл Болжурова, Замира Сыдыкова катышты.
Мамлекет башчы Аскар Акаев 17-декабрда өкмөт үйүндө Коргоо кеңешинин жыйынында сөз сүйлөп алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоого байланыштуу өлкөдө коомдук-саясий кырдаал курчуп, диний жана саясий экстремизмдин эл аралык террорчулук менен биригип кетүү коркунучу бар деген пикирин билдирген.

XS
SM
MD
LG