Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:15

Бүгүн - волонтерлор күнү


БИШКЕК. Бүгүн ыктыярчылардын Бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күнү волонтер деген ат менен таанымал ыктыярдуу 65 адам Кыргызстанда ишке кирет. Тынчтык Корпусу аркылуу 2 жыл иштөөгө келген бул ыктыярчылар мындан эки күн мурда Бишкекте ант берген.
Кыргызстанга быйыл Жапониянын эл аралык кызматташтык (Jicа) агенттиги аркылуу да 17 ыктыярчы ишке киришти. Алар мектептерде дене тарбия, музыка, жапон тили боюнча сабак берет жана Ысыккөлдүн биосфералык коругун өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга катышат. Жалпысынан Кыргызстанда 181 ыктыярчы иштеп жатат. Алардын 44ү Бириккен Улуттар Уюму, 120сы Тынчтык корпусу аркылуу келишкен. 13 жыл мурда Кыргызстанда ишин баштаган волонтердук кыймылдардын мүчөлөрү негизинен элет жерлеринде англис тилин үйрөтүшөт, ишкерлерлерге колдоо көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG