Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:16

Энергетика тармагын тейлей турган министрлик түзүлөт


БИШКЕК. Кыргызстанда отун жана энергетика ресурстары боюнча министрлик негизделмей болду. Анын милдеттерин жакында түзүлгөн атайын комиссия аныктоого киришти. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынында берген маалыматында президенттин энергетика иштери боюнча атайын өкүлү Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, бул министрлик Кыргызстандын энергетика тармагынын ишмердүүлүгүн бир жерге топтойт, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттери менен суу жана энергетика багытындагы кызматташтыкты жөнгө салат.

Белгилеп койчу жагы: буга чейин мамлекет башчысы отун-энергетика тармагын көзөмөлдөө милдетин биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиевге жүктөгөн болчу.

XS
SM
MD
LG