НАРЫН. Мындай маалыматты Нарын облусунун губернаторунун орун басары Айнагүл Чылабаева 24-август күнү болгон кеңешме жыйында билдирди. Алдыдагы бир аптанын ичинде шаарды тазалоо милдети коюлуп, эгемендүүлүк күнү облустук, райондук жана шаардык мекеме, уюмдардын демонстрациясын уюштуруу, уран чакырыктарды камсыздоо жана Теңир тоо аянтына он боз үйдү тигүү вазийпасы тиешелүү тармактарга жүктөлдү. Бирок саламаттыкты сактоо, билим берүү жана "Чыгыш электр" акционердик коомунун Нарындагы филиалынын өкүлдөрү боз үй тигүүгө чама-чарктары чак экендиктерин айтып чыгышты. Кочкордогу дарыгерлердин кышындагы чатактары басыла элек. "Биз медиктердин чөнтөгүнүн эсебинен боз үй тиге албайбыз" деген облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси Мурат Атбаевдин жүйөсү акыры колдоого ээ болду.