Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Ирактын тышкы иштер министри БУУнун Коопсуздук кеңешинде болот


Министр Хошияр Зебари бүгүн Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши менен Ирак боюнча резолюция долбоорун талкуулаары күтүлүүдө. Франция, Испания, Кытай, Германия жана Орусия – Ирактын келечеги боюнча шейшембиде сунуш кылынган резолюция долбоору жалпысынан жакшы негиз болуп бере алат, бирок айрым өзгөртүүлөргө муктаж деп эсептешет. Франция Иракка толук эгемендүүлүк, айрыкча аскердик маселелерде да өз алдынчалык берилишин каалайт. Испания менен Кытай документке Ирактагы чет элдик аскерлер качан чыгарыларын жазып коюу керек деп талап кылууда. Соңку кабарлар боюнча, Ирактын Киркук шаарынын жанындагы аскердик кампа бутага алынып, жардыруудан кийин ал жерди өрт каптады.

XS
SM
MD
LG