БИШКЕК. «Партиялык тизмени киргизүү үчүн эле өлкөнүн Башмыйзамын өзгөртүү орунсуз. Анткени Конституциянын жаңы редакциясы 2003-жылдын февраль айында эле кабыл алынган». Мындай пикирин Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов бүгүн «Азаттык» радиосунун кабарчысына берген маегинде билдирди. Ошондой эле Осмонакун Ибраимов «буга чейин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы депутаттардын он беш пайызы партиялык тизме менен шайланып, парламентке эл ойлогондой талапкерлер келбей калган» деген пикирин кошумчалады.
Өткөн жылдын декабрь айында кош палатанын 75 депутаты Башмыйзамга пропорционалдык шайлоо ыкмасын киргизүү сунушу менен Конституциялык сотко кайрылган. Кайрылууга кол койгон 28 депутат өздөрүнүн мурдагы пикиринен баш тартышкандыгына байланыштуу Конституциялык сот жакында депутаттардын арызын карабай тургандыгын билдирип, кош палата төрагаларына кат жөнөткөн.