Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:17

Иракта БУУнун эксперттери жүрөт


БУУнун Ооганстандагы мурдагы өкүлү Лахдар Брахими баштаган топ жакынкы аралыкта шайлоо өткөрүү мүмкүн же мүмкүн эместигин аныкташы керек. Багдадда кабарчылар менен болгон маегинде Брахими мындай деди:
- Шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу кандайдыр бир чечим кабыл алуудан мурда, Улуттар Уюму Иракты азыркы кризистен алып чыгуу, Ирак кайрадан өзүнүн суверенитетине жана көз карандысыздыкка жетиш үчүн колдон келгендин баарын жасоого чын дилден умтулаарын билдиргиси келет. Ирак элине алар өлкөсүн өздөрү каалгандай кылып кайра куруусу үчүн жардам берүү абзел.
БУУнун эксперттер тобу кечээ Ирактын Башкаруу кеңеши менен жолукту. АКШ бийликти ирактыктардын өзүнө быйыл 30–июнга карата өткөрүп берүүнү белгилеген. Вашингтон ага чейин шайлоо уюштуруу мүмкүн экенинен күмөнсүнөт. Шайлоонун эрте өткөрүлүшүн ирактык шийиттердин диний лидери аятолла Али ас-Систани талап кылууда.

XS
SM
MD
LG